Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:31

Мусулмандар саны дүйнө калкынан ыкчам өсүүдө


2050-жылы дүйнөдө эң көп мусулман калкы жашаган өлкө Индия болот. Сүрөттө Индиядагы Айт майрам, 30-сентябрь, 2015-жыл.
2050-жылы дүйнөдө эң көп мусулман калкы жашаган өлкө Индия болот. Сүрөттө Индиядагы Айт майрам, 30-сентябрь, 2015-жыл.

Вашингтондогу "Пью" борбору дүйнө мусулмандары боюнча жаңы иликтөөсүн жарыялады. Ага ылайык, азыркы кылымдын аягына барып, мусулмандар сан жагынан дүйнөдөгү эң ири диний тайпага айлануусу күтүлөт. "Пью" борборунун сурамжылоосу мусулмандардын басымдуу бөлүгү “Ислам мамлекети” тобу сыяктуу экстремисттик уюмдардын аракеттерине каршы экенин көргөздү.

2010-жылкы эсеп боюнча мусулмандар дүйнө калкынын 1,6 миллиардын же 23% түзгөн. Бирок азыркы күндө христианчылыктан кийинки экинчи ири дин - исламды тутунгандар саны башкаларга салыштырмалуу ыкчам өсүп жатат.

Вашингтондогу "Пью" борборунун диний демография боюнча эксперти Конрад Хекитт (Conrad Hackett) “Азаттык” менен маегинде жагдайды мындайча чечмеледи:

- Биздин болжолубузда, 2050-жылга барып, дүйнө мусулмандарынын саны христиандардыкына жакындайт да, 2070-жылга барып дээрлик теңелет. Ал эми кылымдын андан аркы бөлүгүндө эгер азыркы демографиялык тенденция сакталса, мусулмандардын саны христиандардан ашат. Мунун эң башкы себеби, албетте, башкаларга караганда, мусулман аялдар баланы көбүрөөк төрөп жатканында. Азыр орточо көрсөткүч боюнча ар бир мусулман аялга 3,1 бала туура келсе, мусулман эмес аялдардыкы 2,3 бала. Африкада, Азиянын айрым мамлекеттеринде төрөлүүнүн көрсөткүчү алдыдагы он жылдыктарда төмөндөйт деп күтүлгөнү менен, БУУнун жана башкалардын эсептерине карасак, мусулмандар арасында бул көрсөткүч баары бир жогору бойдон калат жана алардын дүйнө калкындагы үлүшүн өстүрөт.

"Пью" борборунун эсептөөсүнө ылайык, 2050-жылга чейин дүйнө калкынын саны 2010-жылдагыдан 35%, анын ичинде мусулмандар саны 2010-жылдагыдан 73% көбөйөт экен.

Бул кылым ортосунда мусулмандар 2,8 миллиардга чыгат же дүйнө калкынын 30% барабар болот дегенди туюндурат. Ал эми кылым соңуна барып мусулмандар дүйнө калкынын 35%, христиандар 34% түзүп калышы күтүлөт.

Индонезиядан аша турган Индия

Азыр мусулмандардын басымдуу бөлүгү же 62% Азия-Тынч океан аймагында жашайт. Буга Индонезия, Индия, Пакистан, Бангладеш, Иран жана Түркия сындуу ири өлкөлөрдүн калкы да кирет. Учурда дүйнөнүн эң ири мусулман өлкөсү Индонезия, бирок 2050-жылга барып, эң көп мусулман жашаган өлкө Индия болот.

Индия мусулмандарынын ооз ачуу жөрөлгөсү. 30-июнь, 2014-жыл.
Индия мусулмандарынын ооз ачуу жөрөлгөсү. 30-июнь, 2014-жыл.

Мигранттарды кабыл алып жаткан Европада мусулман калктын үлүшү ушул жараяндын келечегине көз каранды.

- Келе жаткан он жылдыкта Индия мусулмандарынын саны жагынан Индонезиядан ашат. 2050-жылга карата Индиянын калкынын жалпы саны 1,6 миллиардга жетери, анын 300 миллиондон ашууну мусулмандар болору күтүлүүдө. Европа боюнча акыркы эсептерибизди мигранттардын быйылкы агымына чейин жүргүзгөнбүз. Анда эгер 2010-жылы эски континентте мусулмандар калктын 6% түзсө, 2050-жылы 10% жетет деп болжолдонгон. Мигранттардын соңку агымы бул көрсөткүчтү көбөйтүшү мүмкүн, бирок канчалык деңгээлде? Бул нерсе алдыдагы жылдары миграциялык агым токтойбу же уланабы ошого көз каранды болот",- деди "Пью" борборунун талдоочусу Конрад Хекитт “Азаттыкка”.

Аталган борбордун баяндамасында көргөзүлгөндөй, АКШда азыр мусулмандар бойго жеткен калктын 1% азын түзөт жана алардын 60% ашууну мигранттар. Түндүк Америкада да мусулмандар мигранттар эсебинен көбөйүшү мүмкүн.

"Ислам мамлекети" тобун жектөө

"Пью" борбору азыр дүйнөнүн баш оорусуна айланган “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна карата мамиле боюнча мусулман өлкөлөрүндө өткөргөн сурамжылоосунун жыйынтыгын да жарыялады.

Бейрутта ИМ тобу жоопкерчилик алган жардыруу. 12-ноябрь, 2015-жыл.
Бейрутта ИМ тобу жоопкерчилик алган жардыруу. 12-ноябрь, 2015-жыл.

Уюмдун эксперти Якоб Поштер (Jacob Poushter) "Азаттык" менен маегинде буларга токтолду:

- Биз бул сурамжылоону быйыл жазда калктын баcымдуу бөлүгүн мусулмандар түзгөн он эки мамлекетте жүргүзгөнбүз. Алар Жакынкы Чыгыштан Ливан, Иордания, Палестин аймактары, Түштүк Чыгыш Азиядан Индонезия, Малайзия, Пакистан, Африкадан Нигерия, Буркина-Фасо жана Сенегал. Сурамжылоо өткөрүлгөн он эки өлкөнүн онунда ага тартылгандардын басымдуу бөлүгү “Ислам мамлекети” тобуна тескери көз карашта.

Талдоочунун айткандарын цифралар менен бекемдесек, “Ислам мамлекети” тобу жайгашкан Сирия менен Иракка эң жакын Ливан менен Иорданияда суроого жооп бергендердин 94% бул экстремисттик топту жектеген. Ал эми Пакистанда сурамжылоого катышкандардын 62% өз пикирин билдирбей койгон.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG