Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:14

Ноокатта өрт кырсыгы бир адамдын өмүрүн алды


Өткөн түнү Ош облусуна караштуу Ноокат районунда өрт кырсыгынан бир адам мерт болду. Бул тууралуу бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Кеңеш айылынын аймагында жайгашкан үйлөрдүн биринде өрт чыгып, 10 чарчы метр чатыры, жыгач шыбы, тѳшѳктѳрү күйгѳн.

Окуя болгон жерден болжол менен 35-40 жаштагы эркек кишинин күйүп калган сөөгү табылды. Анын аты-жѳнү такталууда.

Кырсыктын себеби азырынча белгисиз.

Кечээ да Ош шаарында өрттүн айынан бир аялдын өмүрү кыйылган.

Соңку сутка ичинде Кыргызстандын аймагында жалпысынан 4 өрт кырсыгы катталды. (RK)

XS
SM
MD
LG