Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:18

Атамбаев: Эл бийликтен ачыктыкты талап кылууга укуктуу


Жарандар бийлик органдарынан ачыктыкты, акыйкаттыкты жана чындыкты талап кылууга акылуу. Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Адам укугун коргоо күнүнө карата жолдогон кайрылууда айтылат.

Мамлекет башчы "2010-жылдагы элдик революциядан кийин өлкө адам укугун урматтоо негизги орунду ээлеген укуктук мамлекетти бекемдөө жолунда баратканын, авторитардык башкарууга кайтуу эми мүмкүн эмес экенин эл түшүнүп калганын жана бул багытта аракеттерибизди дүйнөлүк коомчулук баалап жатканын" баса белгиледи.

Жетишкендиктерге карабай, президенттин белгилешинче, Кыргызстан соттук-укуктук реформаны, жөнөкөй жарандардын жана мамлекеттин укугун коргоо жаатында ишин уланта бермекчи. (RK)

XS
SM
MD
LG