Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:07

Маликов: Кол салгандарды Кудай алдында кечирем, бирок жоопко тартылышсын


Теолог Кадыр Маликов ага кол салгандарды Кудай алдында кечирет, бирок бул жашоодо алар өлкөнүн мыйзамдары боюнча тиешелүү жазасын алышын талап кылат. Бул тууралуу Маликов бүгүн "Азаттыкка" билдирди:

- Жаным аман калганы үчүн Алла алдында, кыямат күн алдында кечирем. Бирок бул жашоодо алар кылмыш жообуна тартылышы керек.

Маликов Кыргызстанда ислам динин жамынган террорчул, экстремисттик күчтөр арбып баратканын ачык айтып, сындап келет. Өткөн ай соңунда ага Бишкек шаарында кол салуу болуп, бетинен жана колунан бычак жеп реанимацияга түшкөн. Кечээ ал ооруканадан үйгө чыкканын, абалы жакшырып келатканын айтууда.

Кыргызстандын күч түзүмдөрү теологго кол салгандар Сириядагы өзүн "Ислам мамлекети" деп атап алган террордук уюмга тиешеси барлар экенин айтууда. Алардын экөө Түркиядан, дагы экөө Бишкектен кармалды. (RK)

XS
SM
MD
LG