Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:00

Базар-Коргондо жети жаштагы кыз таежесинин ур-токмогунан набыт болду


Базар-Коргондо 7 жаштагы кыз таежесинин ур-токмогунан набыт болду. Бул тууралуу бүгүн ички иштер министрлигинен кабарлашты. Мекеменин маалымат кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаевдин айтымында, окуя 7-декабрда болгон. Алдын ала маалыматка караганда, набыт кеткен кызды апасы өзүнүн таежесинин колуна өткөрүп берген. Быйыл ал биринчи класска барган.

- Кечинде коноктон келип жүн сабаган таяк менен катуу сабаган экен. Энеси кошуна айылда турат, жакында чет өлкөгө иштегени кеткени жаткан деген маалымат бар.Эгер доктурга эртерээк алып барышса аман калмак, балким. Кечинде сабаса, түнү менен кыйналып, эртең менен эси ооп жыгылганда гана ооруканага алып барып жатышпайбы...

Окуяга байланыштуу "адам өлтүрүү" деген берене боюнча иш козголду. Кылмышка шектүү аял камакка алынды.

Айрым маалымат боюнча, кыздын атасы былтыр мигрант болуп кеткен. Үй-бүлөдө 4 бала бар болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG