Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:35

Тажикстандын Жерге-Тал районунда жашаган 91 жаштагы Найман Эшанкулов октябрь айынын соңунан бери дайынсыз. Бул тууралуу “Азаттыкка” Найман аксакалдын уулу Апсамат Эшанкулов билдирди. Атасынын дени сак, акылы ордунда экенин, бирок 27-октябрь күнү үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын айтып, көргөн-билгендерден жардам сурады:

- Атамдын саламаттыгы жакшы эле. Ал жоголуп кеткен күнү үйдө эч ким жок эле. Баары тойго кетишкен. Мен болсо бул жактагы кытайлардын компаниясында иштейм. 3 күнү-түнү катар иштеп үйдө жок боломун, мен иштеп кеткенде атамды таппай калышыптыр. 1 жарым айдан бери издебеген жерибиз калбады. Калың элден суранарым, көрүп калсаңар кабарлап койгула.

Найман аксакал айылындагы жылкы таптаган саяпкерлиги жана коомдук ишмердүүлүгү менен айылдаштарынын сыйына арзыган адам. Жайылган айылынын тургуну. Карыяны көрүп-билгендер болсо +992 907308764 номерине кабарлап койсоңуздар.

Азыркы тапта Тажикстандын Мургаб, Жерге-Тал райондорунда 40 миңге чукул этностук кыргыз жашайт. “Азаттыктын” кабарчысы Жаңыл Жусупжандын “Памирден кат” аттуу даректүү тасмасында Найман аксакал башкы каарман катары тартылган. (BCh)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG