Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:24

Кандагардагы чабуулдун курмандыктары элүүдөн ашты


Ооганстан -- Кандагар аба майданы чабуулдан кийин, 9-декабрь, 2015.
Ооганстан -- Кандагар аба майданы чабуулдан кийин, 9-декабрь, 2015.

Ооган коргоо министрлиги талиб согушкерлери Кандагар аба майданына жасаган чабуулдан мерт болгондор элүү кишиден ашканын кабарлады. Министрликтин бүгүнкү маалыматына караганда, ажал тапкандардын 37си жайкын тургун, ону ооган армиясынын аскери жана дагы экөө полиция кызматкери. Каза тапкандардын арасында балдар менен аялдар да бар. 24 саатка созулган урушта мындан сырткары 30дан ашуун адам жаракат алган.

Министрлик кагылышта "Талибандын" 11 согушкери окко учканын да кабарлады. Аба майданда жайгашкан эл аралык коалициянын аскерлеринен жоготуу болгон-болбогону боюнча маалымат жок.

Ооганстандын экинчи ири шаары Кандагардын аба майданында жайгашкан аскерий базага талиб согушкерлери 8-декабрдын кечинде кол салган.

XS
SM
MD
LG