Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:32

Цукерберг Фейсбукта мусулмандарды коргоону убада кылды


Марк Цукерберг
Марк Цукерберг

Facebook социалдык тармагынын негиздөөчүсү Марк Цукерберг мусулмандарды орунсуз сындоо менен айыптоолордон коргоого убада кылган билдирүү жарыялады. Париж менен Калифорниядагы радикал исламчылардын жакындагы чабуулу менен АКШ президенттиги үчүн шайлоодо ат салышканы жаткан талапкер Дональд Трамптын мусулмандарды АКШга киргизбөө сунушун эске салган Цукерберг мусулмандар "башка адамдардын иш-аракети" үчүн куугунтуктоолорго учурашы мүмкүндүгүн айтты.

"Мен биздин социалдык тармакка катталган бардык мусулмандарга сиздердин укуктарыңыздар үчүн бирге күрөшө турганыбызды, сиздер үчүн тынч жана коопсуз жагдай жаратууга тырышаарыбызды айткым келет", - деп жазды Цукерберг.

Мындан тышкары ал ата-энеси ар кандай коомчулуктарга карата соккуларга зарыл учурда каршы турууга үйрөткөнүн айтып, "азыр мындай соккулар сиздерге каршы багытталбаса да, ал эркиндикке урулган сокку" деп белгиледи.

XS
SM
MD
LG