Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:28

Түндүк Корея суутек бомбасын жасаганын жарыялады


Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын.
Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын.

Түндүк Корея суутек бомбасын жасаганын өлкө лидери Ким Чен Ын шаршембиде жарыялады. Бул тууралуу Түштүк Кореянын Yonhap News агенттиги Түндүк Кореянын маалымат каржаттарына таянып жазып чыкты. Маалымат каражаттары Ким Чен Ындын "Түндүк Корея эгемендиги менен улуттук ар-намысын ишенимдүү коргоо үчүн өзү жасаган суутек жана атом бомбсын колдоно алчу кубаттуу ядролук державага айланды", - деген сөзүн келтирүүдө.

Мунун менен Түндүк Корея суутек бомбасы бар экенин расмий түрдө алгач ирет жарыялап отурат.

Бирок түштүк кореялык бир окумуштуу Yonhap News агенттигине Пхеньян мындай куралды жасоого эми эле киришкен болушу ыктымалдыгын айткан.

Түндүк Корея 2005-жылы өзүн ядролук держава деп жарыялаган. 2006, 2009 жана 2013-жылдары жер астынан ядролук сыноо жүргүзүп, эл аралык коомчулуктун кескин нааразылыгына кабылган. 2012-жылы космостук ракетасын сынаганын жарыялаган соң АКШ, Жапония жана Түштүк Корея чынында контитент аралык баллистикалык ракета сынаган болушу ыктымалдыгын айтып, кооптону билдирген эле.

XS
SM
MD
LG