Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:56

“Бир дүйнө - Кыргызстан” фестивалы ачылды


“Бир дүйнө - Кыргызстан” фестивалы ачылды

“Бир дүйнө - Кыргызстан” фестивалы ачылды

Адам укугуна арналган “Бир дүйнө - Кыргызстан” даректүү фильмдер фестивалынын тогузунчу айлампасы бүгүн Бишкектеги “Парк отель” мейманканасында салтанаттуу түрдө ачылды.

Фестивалдын алкагындагы тасмалар 10-13-декабрь күндөрү баш калаада көрсөтүлүп, 14-декабрда жыйынтык чыгат. Андан ары аймактарда уланат.

Аны уюштуруп жаткан "Бир дүйнө - Кыргызстан" укук коргоо кыймылынан кабарлашкандай, быйыл 18 чет элдик, төрт жергиликтүү фильм тандалган. Алардын бардыгы аялдар жана балдардын укугу тууралуу тартылган тасмалар.

Фестивалдын ачылышында залга коюлган роза гүлдөр абактагы укук коргоочу Азимжан Аскаровдун урматына алып келингенин "Бир дүйнө - Кыргызстандын" жетекчиси Төлөкан Исмаилова белгиледи.

Фестивалга Маданият, маалымат жана туризм министрлиги расмий өнөктөш катары катышууда. Фильмдерди тандаган калыстар курамында мамлекеттек мекемелерде, социалдык кызматтарда иштегендер жана укук коргоочулар болду. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG