Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:33

Ослодо Нобель тынчтык сыйлыгы тапшырылды


Норвегия -- Тунистин Улуттук диалог квартетине Нобель тынчтык сыйлыгы тапшырылууда. Осло, 10-декабрь, 2015.

Норвегия -- Тунистин Улуттук диалог квартетине Нобель тынчтык сыйлыгы тапшырылууда. Осло, 10-декабрь, 2015.

Норвегиянын борбору Осло шаарында бүгүн Тунистин Улуттук диалог квартетине - төртилтигине Нобелдин тынчтык сыйлыгы тапшырылды. Тынчтык сыйлыгынын быйылкы жеңүүчүсү октябрда аныкталып, ошол учурда Ослодо жасалган расмий билдирүүдө төртилтик 2011-жылы президент Зине Эль Абидин бен Алини кызматтан шыпырып түшкөн ыңкылаптан кийин Тунисте “плюралисттик демократияны орнотууга чечүүчү салым кошкону” айтылган.

Улуттук диалог төртилтиги 2013-жылдын сентябрында түзүлгөн. Ага жергиликтүү 4 уюм – Тунистин өнөр жай, соода жана кол өнөрчүлөр конфедерациясы, Кесиптик кошууну, Адам укуктары лигасы жана Адвокаттардын улуттук ассоциациясы кирет.

Ошол эле жылдын октябрында төртилтик өлкөнү турукташтыруу боюнча жол картасын иштеп чыгуунун демилгесин жактырып, ортолук мунаса иштерге арачы болгон. Ошондон бери төртилтик жаңы долбоорлорду ишке ашырып, былтыркы президенттик жана парламенттик шайлоого байкоо салган.

Тунистик квартетке 8 миллион швед крону берилди. Бул доллар менен эсептегенде 975 миң долларга барабар.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG