Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:21

Беларус жазуучусуна Нобелдин адабият сыйлыгы тапшырылды


Светлана Алексиевичке Швеция королу Карл XVI Нобель сыйылыгын тапшырууда. Стокгольм, 10-декабрь, 2015.
Светлана Алексиевичке Швеция королу Карл XVI Нобель сыйылыгын тапшырууда. Стокгольм, 10-декабрь, 2015.

Беларус жазуучусу Светлана Алексиевичке дүйнөлүк абройлуу сыйлыкты бүгүн Стокгольмдо Швеция королу Карл XVI тапшырды. Нобелдин 2015-жыл үчүн адабият сыйлыгы беларус жазуучусуна ыйгарылганы 8-октябрда жарыяланган. Бул жарыядан кийинки алгачкы билдирүүсүндө Алексиевич Орусиянын Украинага кийлигишүүсүн айыптап, аны "кол салуу" деп атаган.

Нобель комитети Алексиевич сыйлыкты азыркы учурдагы адам жашоосундагы кыйынчылыктарды мыкты сүрөттөгөнү үчүн алганын билдирген. 67 жаштагы жазуучу “Согуш аялдын жүзү эмес”, “Кыт балдар”, “Чернобыль дубасы” аттуу китептери менен таанымал. Анын чыгармаларында СССР жана постсоветтик доор көркөм-даректүү чагылдырылган.

Ушул эле күнү Стокгольмдо физика, химия жана медицина боюнча Нобелдин быйылкы сыйлыктары тапшырылды.

Норвегиянын Осло шаарында болсо бүгүн Тунистин Улуттук диалог квартети - төртилтигине Нобелдин тынчтык сыйлыгы берилди.

XS
SM
MD
LG