Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:53

Омбудсмен кызматына кайрадан сынак жарыяланат. Талапкерлердин арыздары алдыдагы 14 күн аралыгында кабыл алынып, бир ай ичинде парламент акыйкатчыны шайлашы керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңеш спикери Асылбек Жээнбеков 10-декабрда билдирди.

Бейшемби күнү парламент депутаттары омбудсменди шайлай алышкан жок. Алты фракция 8 талапкерди көрсөтүп, үчүнчү турга эң көп добуш менен “Республика – Ата журт” сунуштаган Атыр Абдырахматова чыккан. Бирок эл өкүлдөрүнүн көбү ага каршы добуш берип, натыйжада акыйкатчы тандалбай калды. (SE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG