Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:48

Сариева: Былтыркыга караганда быйыл эки эсе көп мектеп салынды


Быйыл Кыргызстанда былтыркыга караганда дээрлик эки эсе көп мектеп салынды. Бул тууралуу бүгүн билим жана илим министри Элвира Сариева билдирди. Анын айтымында, бүгүн, 11-декабрда Жети-Өгүз, Ат-Башы райондорунда жана Ош, Талас облустарында бирден, жалпысынан төрт жаңы мектеп ачылууда.

Жыл аягына чейин дагы үч мектеп пайдаланууга берилип, жалпысынан быйыл 71 орто билим берүү мекемесинин курулушу аяктаган болот. Бул, министрдин айтымында, былтыркыга караганда эки эсе көп жана буга чейин өкмөт мындай темп менен иштей элек болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG