Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:06

Сириядагы оппозициялык топтор Асад менен сүйлөшүүгө даяр


Сириядагы оппозициялык топтордун көбү өкмөт менен эмки айга белгиленген сүйлөшүүлөргө катышууга даяр. Бул тууралуу бүгүн жыйынтыкталган эки күндүк жыйындын соңунда айтылды.

Сауд Арабиянын арачылыгы менен уюштурулган сүйлөшүүлөргө секулярдык саясатчылардан баштап ашынган исламчыл козголоңчуларга чейинки 100 чакты делегат катышып, эмки айдын башында президент Башар Асаддын өкмөтү менен тынчтык сүйлөшүүлөрүнө даярдык көрүү тууралуу макулдашты.

Бирок, маалыматтарга караганда, оппозиция Асад жана жанындагылар өткөөл мөөнөт башталганда демократиялык шайлоону жана башкарууну камсыздоо үчүн бийликтен кетүүгө тийиш деген шарт коюшууда. АКШнын Мамлекеттик катчысы Жон Керри макулдашууну кубаттап, Сирияда тынчтык орнотууда “маанилүү кадам” деп сыпаттады.

5 жылдан бери уланып келаткан жарандык согуш он миңдеген кишинин өмүрүн алып кетти. Миллиондогон адамдар башка өлкөлөргө кетүүгө аргасыз болду.

XS
SM
MD
LG