11-декабрда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда бир аз кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз Кыргызстандын аймагында жаан-чачын жок. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 17-22 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн -10...-15, күндүз 0...-5,
Таласта түнкүсүн -13...-18, күндүз -1...-6,
Баткенде түнкүсүн -9...-14, күндүз -1...-6,
Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн -8...-13, күндүз 0...-5,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -9...-14, күндүз -1...-6,
Нарында түнкүсүн -19...-24, күндүз -7...-12,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -23...-28, күндүз -10...-15.
Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн -11…-13, күндүз 0…-2.