Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева бул күндөрү Бишкекте жогорку окуу жайлардын студенттери, окутуучулары менен жолугушуулардын өткөрүүдө. Бүгүн ал К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинде болду. Кечээ И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетине барган.
Экс-президент өзү жетектеген "Роза Отунбаеванын демилгелери" эл аралык фонду уюштуруп жаткан жолугушуулардын алкагында кыргыз тилинде жарык көргөн “Менин атам Дэн Сяопин”, “Мекендештер: Кыргызстандын келечегине салым” китептеринин жана «Ачык билим берүү ресурстары», «Аялдар техникада жана илимде» (STEM), «Тынчтык жана ишеним: укук тартиби жана сот адилеттиги органдарына бирдей жеткиликтүүлүк» долбоорлорунун бет ачары өтүүдө. (RK)