Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:19

Ходорковскийге адам өлтүрүүнү уюштурган деген айып тагылды


Орусиянын Тергөө комитети Михаил Ходорковскийге Нефтюганск шаарынын мэри Владимир Петуховду тындым кылууну уюштурган, деген айып такты. Тергөөчүлөрдун ырасташынча, ЮКОС компаниясынын мурдагы башчысы 1998-жылы кол астында иштеген эки кишиге мэрди жок кылууну тапшырган. Маалыматка караганда, маркумдун кызматтык ишмердиги ЮКОСтун кызыкчылыктарына каршы келген.

8-декабрда Ходорковский көрсөтмө берүү үчүн Тергөө комитетине чакырылган. Расмий кагаз анын атасы жашаган дарекке келген. Ходорковский айыпты четке кагып, тергөөгө катышпасын жана комитеттин өкүлдөрү менен байланышуу ниети жоктугун билдирди.

Быйыл 30-июнда Тергөө комитети жаңы маалыматтар пайда болгонун билдирип, ал кылмыш ишти иликтөөнү жанданткан. Августта тергөөчүлөр Ходорковскийдин атасын 2 жарым сааттан ашуун суракка алышкан.

Экс-олигарх салык жашыруу, бирөөнүн мүлкүн өзүнө ыйгарып алуу боюнча айып боюнча айыпталып, 10 жыл түрмөдө отуруп чыккан соң 2013-жылы мунапыс боюнча кое берилген. Ушу тапта чет өлкөдө жашайт.

XS
SM
MD
LG