Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:10

Ушу тапта Оштун Ноокат районундагы Көк-Жар айылында багылып жаткан эшектер башка жакка ташылып кетүүдө. "Азаттыктын" кабарчысынын маалымдаганына караганда, эртеден бери төрт КамАз менен 40-50дөн жүктөп кетишти. Дагы эки унаа менен алып кеткени жатышат.

Буга айыл өкмөтүнүн кызматкерлери менен кошо 20 чакты жергиликтүү тургун көз салууда.

Эшек баккан ишкерлердин айтымында, алар Оштон 30 чакырым алыс жакка убактылуу камап туруу үчүн ташылып кетүүдө.

Ноокат районунда 300дөн ашуун эшек багылып жаткан сарай ноябрдын соңунда табылып, ал кытай ишкерлерине таандык экени аныкталган. Эшекти союп, элге сатып жаткан болушу мүмкүн деген шек менен жергиликтүүлөр нааразы болуп, ферманы тез арада жабууну талап кылышкан. Бирок ал аткарылбагандыктан, 10-декабрда айылда чогулуш болгон.

Ош милициясы эшек бизнеси боюнча ишти Каржы полициясынын иликтөөсүнө өткөрүп бергенин билдирген. (YI/RK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG