Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:45

Голландия баалуу сүрөттөрдү Украинадан издөөгө көмөктөшөт


Амстердам Киевден 17-кылымдагы голландиялык чеберлердин коллекциясын табууга көмөктөшүүнү өтүндү. Украинанын Улуттук полициясынын башчысы Хатия Денакоидзе 10-декабрда ички иштер кызматы Нидерландия прокуратурасынан расмий кат күтүп жатканын айтып, ал өлкөнүн тергөөчүлөрү менен кызматташтыкты кубаттарын кошумчалады.

2005-жылы Голландиянын Хорн шаарындагы Westfries музейинен 24 сүрөт жана 70 күмүш буюм уурдалып кеткен. Жоголгон сүрөттөр Украинага алынып келген деген маалыматтар жакында пайда болду. Айрым кабар агенттиктери өткөн жайда белгисиз бирөөлөр сүрөттөр Донбасстын өкмөттүк аскерлер көзөмөлүндөгү райондо сакталып жатканын маалымдап, жоголгон коллекцияны сатып алууну сунуш кылышкан.

Музейдин администрациясынан билдиришкендей, Голландиянын Киевдеги элчилиги менен байланышка чыккан ал кишилер өздөрүн украиналык ыктыярчылар батальонунун өкүлдөрү деп аташкан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG