Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:43

Путин Сириядагы буталарды аёосуз талкалоого буйрук берди


Орусиянын Сириядагы учагы
Орусиянын Сириядагы учагы

Орусиянын президенти Владимир Путин Сириядагы куралдуу күчтөрүнө коркунуч туудурган бардык буталарды аёосуз жок кылууга буйрук берди. Жума күнү бул өлкөнүн Коргоо министрлигинин кеңейтилген жыйынында сүйлөгөн мамлекет башчы Сириядагы террорчулар Орусияга тикелей коркунуч жаратарын айтып, Москванын аракеттеринин артында абстрактуу бир кызыкчылыктар эмес, өлкөнү коргоо ниети турганына басым жасады. Президент Орусиянын Сириядагы аскерлери ал жактагы өз ишин, айрыкча учактардын коопсуздугун камсыздоону Израилдин командачылык пункттары жана АКШ баштаган коалиция макулдашып турууга тийиш деп белгиледи.

Орусиянын куралдуу күчтөрү Сирияда 30-сентябрдан бери операция жүргүзүп келатышат. Москва “Ислам мамлекети” жана башка экстремисттик топтор топтолгон жерлерге сокку урганын ырастаса, Сирия оппозициясы жана Батыш Орусия президент Башар Асаддын режимине каршы күрөшкөн козголоңчулардын турумдарын бомбалап жатканын айтышууда.

XS
SM
MD
LG