Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:21

Украин парламенти Орусияга каршы санкцияларды күчөтүүгө чакырды


Украинанын Жогорку Радасы башка мамлекеттердин мыйзам чыгаруучуларын, Европарламенттин депутаттарын жана эл аралык парламенттик ассамблеялардын мүчөлөрүн Орусияга каршы санкцияларды күчөтүүгө үндөдү. Жума күнү кабыл алынган токтомдо эл өкүлдөрү кошуна өлкөнү украин жеринде теракттарды уюштургандыгы үчүн айыпташты.

“Орусия Федерациясынан Украинага каршы агрессияны токтотууну, украиналык бардык саясий барымтадагыларды жана туткундарды бошотууну, эл аралык террорчулук пратикасынан баш тартууну талап кылабыз, - деп айтылат кайрылууда.

Документте Орусия басып алган чөлкөмдөрдө эл аралык мониторингди күчөтүү жана ал жакта адам укуктарынын бузулушуна каршы дароо чара көрүү зарылдыгы белгиленет. Чет өлкөлүк парламентарийлерден тышкары Жогорку Рада токтомун Еврокомиссиянын жетекчиси, Еврокеңештин башкы катчысы, Евробиримдик кеңешинин төрагасы, НАТОнун башчысы жана ЕККУнун төрагасына жолдомокчу.

XS
SM
MD
LG