Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:46

Кабулда элчиликтер жайгашкан райондо жардыруу болду


"Талибан" кыймылы Испаниянын Кабулдагы элчилиги жанындагы мейманканага кол салганын ырастады. Жума күнү кечинде ооган баш калаасынын дипломатиялык миссиялар жана өкмөттүк имараттар орун алган Шерпур районунда жанкечтинин жардыруусунан кийин ок атышуу болгон. Бери дегенде бир кишинин жараат алганы кабарланууда. Талиптердин өкүлү “баскынчылардын конок үйүн” бутага алышканын билдирди. Бирок Испаниянын Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы элчиликке чабуул болбогонун айтты. Үстүбүздөгү аптада Кандагардагы аба базасына кол салуудан 50дөн ашуун киши набыт болгон.

XS
SM
MD
LG