Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:19

Түркия бийлиги Твиттерди “терроризм пропагандасы” үчүн айыпка жыкты


Түркиянын байланыш тармагын караган мекемеси Твиттердин администрациясы “терроризмди пропагандалаган” материалды алып салган жок деген негиз менен социалдык тармакты айыпка жыгып, 150 миң түрк лирин (51,5 миң доллар) төлөөгө милдеттендирди. Бирок расмий бийлик сөз кайсы материал жөнүндо болуп жатканын ачык айткан эмес. Би-Би-Синин маалыматына караганда, нааразылык түрк өкмөтүн катуу сындаган топтун аккаунтуна жарыяланган маалыматка байланыштуу болушу ыктымал. Твиттердин администрациясы бул боюнча азырынча комментарий бере элек.

Өткөн жылы ошол кездеги премьер-министр, азыркы президент Режеп Тайип Эрдоган Твиттерди түп-тамыры менен жок кылаарын эскреткенден кийин телекоммуникация мекемеси аталган социалдык түйүнгө тыюу салган. Андан бир нече апта мурун түйүндө өкмөттөгү коррупциядан кабар берген телефон сүйлөшүүлөрүнөн үзүндүлөр жарыяланган эле. Беш күндөн кийин тыюуну алып салуу чечими чыккан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG