Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:28

Алмазбек Атамбаев Георгий Маргвелашвили менен жолугушту


Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев 11-декабрда Ашхабад шаарындагы “Нейтралитет саясаты: тынчтык, коопсуздук жана өнүгүү үчүн эл аралык кызматташуу” эл аралык конференциясына катышуу алкагында Грузиянын президенти Георгий Маргвелашвили менен жолугушту. Жолугушууда Кыргызстан менен Грузиянын ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун ар кыл маселелери талкууланды.

Маргвелашвили Атамбаев менен болгон бардык жолугушуулар достук жана ишеним маанайда өтөрүн белгилеп, аны Грузияга расмий визит менен күтөрүн кошумчалады. Атамабев Грузияга эмки жылы баруу ниетин билдирди.

Мамлекет башчылары ар кыл тармактагы кыргыз-грузин кызматташтыгын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашты.

Атамбаев баштаган делегация Түркмөнстандагы эл аралык конференцияuf катышуу үчүн 11-декабрда барган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG