Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:07

Жалал-Абаддын Сузак районуна караштуу Жоон-Күңгөй айылында 1 метрден ашык кар түшүп, жол каттамы үзгүлтүккө учурады. Бул тууралуу айыл тургуну Бабыржан Сыдыков “Азаттыкка” билдирди. Кар калың жааганына байланыштуу айылдагы башталгыч мектепке каттаган окуучулар эки күндөн бери сабакка бара албай, айыл тургундары район менен байланышсыз калышты.

"Бул жол райондогу №31 жол тейлөө ишканасына караганы менен жыл сайын ушул акыбал. Азыр айылдыктар өз ара каражат чогултуп, жолду ачуунун айласын көрүп жатабыз",- деди Сыдыков.

Ал эми Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын билдиришинче, жолду ачууга техникалар иштеп жатат.

Жоон-Күңгөй айылы Сузак районунун борборунан 60 чакырым аралыкта жайгашып, 500 түтүн эл жашайт. (RsK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG