Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:50

Мунайдын баасы бир аптада 10 пайызга арзандады


АКШ чыгарган мунай баасы жума күнү 3,5 пайызга чейин түшүп, бир баррели 35 доллар 62 цент деп бааланууда. Муну менен акыркы аптада эле мунай баасы дээрлик 10 пайызга арзандаган. Бул өндүрүштүн көбөйгөнү жана суроо-талаптын азайышы менен байланыштуу экени айтылууда. Brent маркасындагы жана WTI Техас мунайынын баасы сатылып жатканда эле 5 пайызга түшкөн. Баанын кескин түшүшү өткөн аптада өндүрүштү токтотпоо чечими кабыл алынгандан кийин башталган.

Ушундан кийин америкалык мунайды экспорттоого тыюу салган 40 жыл мурдагы чечим келерки жылдан тарта жоюулушу ыктымалдыгы айтыла баштады. Конгресстин мүчөлөрү малекеттик бюджеттин жаңы пункту катары бул чараларды талкуулоодо. (КЕ)

XS
SM
MD
LG