Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:47

"Азаттыктын" кабарчысы журналисттик иликтөө боюнча сынакта биринчиликти алды


Кубанычбек Жолдошев
Кубанычбек Жолдошев

"Азаттык" радиосунун кабарчысы Кубанычбек Жолдошев Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу институтунун (IWPR) Кыргызстандагы өкүлчүлүгү өткөргөн адам укуктары жаатындагы мыкты журналисттик иликтөө үчүн улуттук сынакта биринчиликти алды.

Сынак өлкөнүн акыйкатчысы менен биргеликте адам укуктары менен эркиндиктерин сыйлоого жана сакталышына көмөктөшүү, бул багытта алдыңкы тажрыйбаны жалпыга жайылтуу максатында өткөрүлдү. Ага телерадиоберүүлөрдү жана гезит, интернет-басылмаларга макалаларды даярдаган журналисттер катышты. Уюштуруучулардын белгилешинче, жалпысынан сынакка 65тей материал келип түшкөн. Алардын ичинен 10го жакын журналисттин материалдары тандалып алынган.

Ушул эле сынактын “Балдар жана аялдардын укуктарын чагылдыруу” номинациясы боюнча “Азаттыктын” дагы бир кабарчысы Канымгүл Элкеева сыйланды.

Жеңүүчүлөрдүн урматына бүгүн Бишкекте салтанаттуу жыйын өткөрүлүп, мыктыларга акчалай сыйлыктар тапшырылды. (КЕ)

XS
SM
MD
LG