Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:35

Ат-Башы районунда жаңы мектеп колдонууга берилди


Ат-Башы районундагы Өзгөрүш айылында жайгашкан орто мектеп курулушу толугу менен бүтүп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат катчысы Айнура Дүйшөк кызы билдирди. Мектептин эски имараты мындан 80 жыл мурда салынып, учурда авариялык абалда. Ал эми жаңы салынган мектеп 2 кабаттуу, 100 окуучуга ылайыкташтырылган. Мектепти салганга түрк грантынын эсебинен 22 млн. сом бөлүнгөн. Аталган мектепте учурда 145 окуучу бар. (MiK)

XS
SM
MD
LG