Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:06

Прокуратура Панаманын экс-президентин камоону талап кылды


Жергиликтүү маалымат каражаттардын жазганына караганда, Панаманын прокуратурасы мурдагы президент Рикардо Мартинеллини камоо талабын койду. Башкы тергөөчү орган Мартинеллинин өзүнө каршы ачылган кылмыш ишти кароо жараянына келбей койгонун соттун беделине доо кетирди деп эсептейт. Прокуратура аны камоо тууралуу өтүнүчүн өлкөнүн Жогорку Сотуна берди.

Рикардо Мартинелли саясий оппонеттерин мыйзамсыз аңдыган деп айыпталып кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн маалыматына караганда, ал өз жардамчыларына 200дөн ашуун кишинин телефондорун тыңшоого буйрук берген. Прокуратура муну адам укуктарын бузуу, алардын жеке жашоосуна кийлигишүү деп тапкан. Мартинелли кылмыш иши козголгондон кийин өлкөдөн чыгып кеткен. Учурда АКШда жашап жаткан экс-президент, кылмыш иш анын саясий ишмердүүлүгү менен байланыштуу экенин белгилөөдө.

Рикардо Мартинелли Панаманы 2009-2014-жылдары башкарып турган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG