Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:41

Окуучунун өлүмүнө байланыштуу кылмыш иши козголду


Бишкек милициясынын маалымат катчысы Айгүл Давлетбаеванын “Азаттыкка” билдиришинче, 1-класстын окуучусунун өлүмүнө байланыштуу кылмыш иши козголду. Маалыматка караганда, окуучу 10-декабрда сабакка барам деп чыккан боюнча мектепке жеткен эмес. Аны жолдон үй-бүлөнүн көптөн берки таанышы тосуп алып, ага уктатуучу дары сайып койгон. Баланы киши барбаган ээн жерге таштап, өзү окуучунун ата-энесинен 150 миң сом талап кылган. Милиция окуя болгондун эртеси күнү баланын жансыз денесин тапкан. Кылмышка шектүү делип мурда бир нече ирет соттолгон аял кармалды. Тергөө жүрүүдө.

Балдардын укуктары менен кызыкчылыктарын коргоо уюмдарынын ассоциациясынан кабарлашкандай, быйыл Бишкекте 9 ай ичинде балдарга карата жасалган кылмыштардын саны 288ге жеткен. Маалыматка караганда, катталган кылмыштардын 73ү, башкача айтканда, 25% сексуалдык мүнөздө болгон. (КЕ)

XS
SM
MD
LG