Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:33

Кабулдагы жардырууда эки испан полициясы каза болду


Кабулдагы испан элчилиги жайгашкан көчө. 11-декабрь, 2015-жыл
Кабулдагы испан элчилиги жайгашкан көчө. 11-декабрь, 2015-жыл

Испаниянын Кабулдагы элчилигинин жанындагы жардырууда жараат алган экинчи испан полициясы бүгүн каза болду. Ушуну менен талиптердин кол салуусунан эки испан, төрт ооган полиция кызматкери мерт кетти. Бул тууралуу бүгүн Испаниянын Ички иштер министрлиги кабарлады. Ооган коопсуздук күчтөрүнүн маалыматына караганда, алты киши жарадар болгон. Кол салган төрт киши өлтүрүлдү.

"Талибан" кыймылы Испаниянын Кабулдагы элчилиги жанындагы мейманканага кол салган. Жума күнү кечинде ооган баш калаасынын дипломатиялык миссиялар жана өкмөттүк имараттар орун алган Шерпур районунда жанкечтинин жардыруусунан кийин ок атышуу болгон. Үстүбүздөгү аптада Кандагардагы аба базасына кол салуудан 50дөн ашуун киши набыт болгон. (КЕ)

XS
SM
MD
LG