Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:43

“Жаңы ысымдар, жаңы мүмкүнчүлүктөр” сынагынын жыйынтыгы чыкты


Бүгүн “Калемгер” адабий клубу уюштурган “Жаңы ысымдар, жаңы мүмкүнчүлүктөр” деп аталган сынактын жыйынтыгы чыгарылды. Калыстар тобунун жана Фейсбук колдонуучулардын тандоосу менен журналист жана акын Элмира Ажыканова “Боз дүйнө” аңгемеси менен биринчи орунду алды. Максат Жангазиев “Мандатия” аттуу аңгемеси үчүн экинчи орунду ээледи.

Бүгүн Улуттук адабият күнү. Кыргыз өкмөтү жазуучу Чыңгыз Айтматов менен акын Алыкул Осмоновду эскерип, улуттук адабиятты сактап, өнүктүрүп жана даңазалоо максатында 2011-жылы 12-декабрды Улуттук адабият күнү деп жарыялоо чечимин кабыл алган.

12-декабрь залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү. Ал 2008-жылы 10-июнда оорудан көз жумган. Ал эми Алыкул Осмонов 1915-жылы 21-мартта жарык дүйнөгө келип, 1950-жылы 12-декабрда 35 жашында жарык дүйнөдөн өткөн. (КЕ/ZA)

XS
SM
MD
LG