Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:37

Атамбаев расмий сапар менен Кувейтке барды


Президент Алмазбек Атамабев расмий сапар менен 12-декабардын кечинде Кувейт мамлекетине барды. Сапардын алкагында мамлекет башчы аталган өлкөнүн жогорку жетекчилери менен жолугушуп, кыргыз-кувейт инвестициялык форумунун алгачкы жайынына катышат. Сапар жыйынтыгы боюнча соода-экономикалык, маданий-гуманитардык байланышты бекемдөөгө багытталган эки тараптуу келишимдерге кол коюлат. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашты.

Атамабев Кувейт сапарынын алдында Түркмөнстанда өтүп жаткан “Нейтралитет саясаты: тынчтык, коопсуздук жана өнүгүү үчүн эл аралык кызматташуу” деген аталыштагы конференцияга катышкан.

Ал эми 14-15-декабрда Алмазбек Атамбаев Катарга барып, бул өлкөнүн эмири Тамим бин Хамад Ал Тани менен сүйлөшүү жүргүзүп, Кыргызстанга инвестиция тартуу, экономикалык жана маданий байланыштарды бекемдөө жолдорун талкуулайт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG