Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:16

Бүгүн таңкы саат 5:02де Кыргызстандын аймагында жер титирөө катталды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, анын күчү очогунда 3 баллга жеткен. Сейсмология институту силкинүүнүн очогу Жалал-Абад облусунун Кетмен-Төбө айылынан 15 чакырым түштүк-батышта, Кара-Көл шаарынан 30 чакырым түштүк-чыгышта катталганын билдирүүдө. Алдын ала маалыматка караганда, жабыр тарткандар жок.

Соңку бир айда Кыргызстан аймагында 3-7 баллдык жер титирөө тез-тез катталууда. Бул өлкө аймагында соңку бир ай ичинде катталган сегизинчи жер силкинүүсү. 17-ноябрда Оштун Кара-Суу районуна караштуу Чайчы айылында күчү 7 баллга жеткен жер титирөө болуп, 400дөй турак жай жабыркаган. Мындан кийин 18, 20, 21, 24-ноябрь күндөрү 3-4 баллдык, 1- жана 7-декабрда күчү 6-7 баллга жеткен жер титирөөлөр катталган.(КЕ)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG