Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:22

Сирия: Хомстагы бомба чабуулунан 15 киши мерт кетти


Сириянын батышындагы Хомс шаарында ишемби күнү бомба коюлган машина жарылып, кеминде 15 киши мерт кетти. Дагы 60тай адам жараат алды. Чабуул шаардын чыгыш тарабында, негизинен алавиттер отурукташкан аймакта болгон. Мунун алдында Сирия бийлиги козголоңчулар менен жетишилген жарашуу келишимине ылайык, Хомс шаарын өз көзөмөлүнө алганын жарыялаган болчу. Эки тараптын келишимге жетишүүсүнө БУУ ортомчу болгон. Ал эми келишимде каралган Аль-Ваер аймагы эки жылдан бери өкмөттүк аскерлердин курчоосунда турган.

Reuters агенттигинин жазганына караганда, Сирияда 2011-жылы башталган жарандык согуштан бери кеминде 250 миңдей адам мерт болгон. (КЕ)

XS
SM
MD
LG