Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:42

Кыргызстанымдын келечеги кең


Кыргызстан, Нарын шаары.
Кыргызстан, Нарын шаары.

Биздин республикабызда көптөгөн акылдуу, эмгекчил, патриот, жаркын келечекти эңсеген, жаркын келечекти курууга талпынган жаштарыбыз көп. Ошондой жаштарыбызга азыркы учурда долбоорлор иштелип чыгып, аларга жол ачып жатат. Мисалга алсак, Акыл ордо, Манас таануу, Кg Тай, Бирге окуйбуз долбоорлору жана ошондой эле биз дил баян жазып жаткан Малайзияга жолдомо.

Кg.Тайды алсак, таланттуу жаш ырчыларыбыз чыгармачылыкка алгачкы кадамын таштап, алгачкы ийгиликтерди багындырып шыгын пайдаланып жатышат.

Манас таануу программасына Кыргызстандан чогулган топтор келип катышат. Аларды карап туруп адабиятчылар, тарыхчылар, "Манас" таануучулар же манасчылар чыгарына үмүт пайда болот жана бул иш кыргыз эли акылман, чечен, чукугандай сөз тапкан калк экенине далил болуп, адамдын Мекенине, кыргыз элина болгон урматын ого бетер арттырат.

Мына ушундай иштер калыптанып келе жаткан кыргыз уул-кыздарын алга сүрөп, алардын дагы алдыга жылуусуна жардам берери шексиз. Ошондуктан келечек жаштарына жол аччу долбоорлор арбын болсо биздин республика алгалайт.

Бирок мамлекетибизде корруппция, кошоматчылык,чоңу кичинесин басынтууга окшогон проблемалар арбып кеткендиктен, жаңыдан канатын жайып учайын деп талпынгандардын иши алдыга жылбай артка кетенчиктеп жатканы деле жашыруун эмес. Бут тосуулардан жаңылыктарды киргизе тургандар максаттарын ишке ашыра албай жатышат.

Буга өзүн гана ойлогон, кайдыгер адамдар айыптуу! Ал маңкуртка андан эч пайда болбойт. Анын алган пайдасы убактылуу гана. Кыргызда кеп бар эмеспи "беш кол тең эмес" дегендей, ал адам да ошондой учурга туш болорунда шек жок.

Ушуларды ойлонуп отуруп, мага мындай ой келди. Биз азыр тээ качандыр бир кезде кыргыз эли Манаска зар болгондой ушу тапта ошондой акылдуу, чечкиндүү, патриот адамдарга абдан зар болуп тургандайбыз. Чынында эле азыркы көйгөй ошол эпостогу жагдайга окшош.

Мисалы, калмактардын эзүүсү, көрө албастык, ички душмандар, чыккынчылык.

Манастын жарыкка келиши кыргыз элине чоң майрам болгон. Манас жана жанындагы кеңешчилери, чоролору менен эркиндикти, жакшы жашоону, өнөр-билим аркылуу бакубат дөөлөткө умтулууну кыргыздарга алып келген.

Бирок бизде да Кыргыз мамлекетин чыңдоого жана аны бекем сактоого аракет кылып, кыргыз элин дүйнөгө таанытып, гүлдөп-өсүшүнө салымын кошкон абройлуу адамдарыбыз да жок эмес. Айта кетсек, Ч. Айтматов,Т. Океев, А. Осмонов, Б. Бейшеналиева, С. Чокморов. А азыркы жаштардан айта турган болсок: А.Землянухин, А. Өмүрзаков, Азия Mix тобу. Дагы баса белгилеп кетчү таланттуу манасчы Болот уулу Үмөт. Бул бала аркылуу биз "Манас" эпосубузду жашарттык десек да болот. Болот уулу Үмөт "Манас" айтып, улуу эпос Кыргызстандын атынан ЮНЕСКОго катталып аткан чакта эларалык уюм алдында даңаза кылган. Бул да Кыргызстандын жетишкендиги десек жанылышпайбыз.

Мен Кыргызстандын экономикалык жетишкендиктерге ээ болоруна ишенем жана мекенимди келечекте алдыңкы, тилин, каада-салтын, динин жоготпой,тескерисинче ошолорду туу туткан мамлекет катары көрөм.

XS
SM
MD
LG