Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:47

Атамбаев Воронеждеги өрт кырсыгына байланыштуу Путинге көңүл айтты


Орусиянын Воронеж облусундагы Новохоперск районунда жайгашкан психоневрологиялык интернаты

Орусиянын Воронеж облусундагы Новохоперск районунда жайгашкан психоневрологиялык интернаты

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Воронеж облусундагы трагедияга байланыштуу Орусиянын президенти Владимир Путинге Кыргызстан элинин атынан көңүл айтты. Каза тапкандардын үй-бүлөлөрүнө кайрат айткан сөздөрүн жолдоду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Орусиянын Воронеж облусундагы Новохоперск районунда жайгашкан психоневрологиялык интернатынын бир корпусу өрттөнүп, анда каза болгондордун саны 23кө жетти. Өрт чалган имаратта 74 киши болгон. Алардын төртөө медицина кызматкери, 29у оорулуулар. 20сы ооруканага жаткырылды. Үчөөнүн абалы оор экени айтылууда. Интернаттын 600 чарчы метри толук күйүп түшкөн. Кылмыш иши козголуп, Орусиянын тергөө комитети өз көзөмөлүнө алды. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG