Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:56

“Бир дүйнө - Кыргызстан” фестивалы бүгүн жыйынтыкталат


"Өгөйлөнгөн келиндер" фильминен бир көрүнүш.
"Өгөйлөнгөн келиндер" фильминен бир көрүнүш.

Адам укугуна арналган “Бир дүйнө - Кыргызстан” даректүү фильмдер фестивалынын тогузунчу айлампасы бүгүн жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр сыйланат. Салтанат Бишкектеги “Парк отель” мейманканасында өтөт. Быйыл фестивалга аялдар жана балдар укугуна арналган 22 тасма катышты. Анын 18и чет элдик, төртөө улуттук.

Тасмалар 10-13-декабрь күндөрү баш калаада көрсөтүлдү.

Калыстар тобунун курамында мамлекеттик мекемелерде, эл аралык уюмдарда, социалдык кызматтарда иштегендер жана укук коргоочулар бар.

"Бир дүйнө - Кыргызстан" фестивалына быйыл "Азаттыктын" кабарчылары - Санжар Эралиев жана Жанарбек Жолдошбаев тарткан "Өгөйлөнгөн келиндер", Улан Эгизбаевдин "Кыял" тасмалары да катышууда. (SE)

XS
SM
MD
LG