Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:15

Атамбаевдин Кувейттеги расмий сапары уланууда


Атамбаев Катарга сапарынын алдында Кувейтте болду. Кувейт эмири менен жолугушуп жаткан учуру. 13-декабрь, 2015-жыл.

Атамбаев Катарга сапарынын алдында Кувейтте болду. Кувейт эмири менен жолугушуп жаткан учуру. 13-декабрь, 2015-жыл.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев расмий сапары менен Кувейтте жүрөт.

13-декабрда мамлекет башчы Кувейттин эмири, премьер-министри, биринчи-вице-премьер-министри, Улуттук Ассамблеясынын төрагасы менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташууну талкуулады.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргызстан-Кувейт өкмөттөрүнүн ортосунда бир катар макулдашууларга кол коюлду. Ошондой эле кыргыз-кувейт инвестициялык форумуна катышты.

Президент Алмазбек Атамбаев 15-декабрда расмий сапар менен Катар республикасында болот. Мамлекет башчы аталган өлкөнүн эмири Тамим бин Хамад ал Тани менен сүйлөшүү жүргүзүп, Кыргызстанга инвестиция тартуу, экономикалык жана маданий байланыштарды бекемдөө жолдорун талкуулайт. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматы кабарлады.

Кыргыз президенти өткөн жылдын декабрь айында да бир катар араб мамлекеттеринде иш сапары менен болгон. (SE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG