Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:22

Пакистандагы жардыруудан кеминде 24 өмүр кыйылды


Пакистан -- Жардыруудан жаракат алгандарды алып кетишүүдө. Парачинар, 13-декабрь, 2015.

Пакистан -- Жардыруудан жаракат алгандарды алып кетишүүдө. Парачинар, 13-декабрь, 2015.

Ооганстандын чек арасынан анча алыс эмес Парачинар шаарынынын базарындагы жардырдуудан жок эле дегенде 24 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши жаракат алды. Пакистан бийликтери жардыруу жекшембиде базар элге толуп, соода кызып турган учурда болгонун кабарлады.

Жергиликтүү телеканалдар жардыруудан соң жүздөгөн адамдар базардан качып баратканын, полиция базарды курчоого алганын жана тез жардам машинелери "ызылдап" жүргөнүн көрсөттү. Аймактагы оорукана дарыгери жаракат алгандардын көбү оор абалда экенин, өлгөндөрдүн саны дагы көбөйүшү ыктымалдыгын билдирди. Алгачкы маалыматтарда 12 адам мерт болгону кабарланып жаткан. Чабуул үчүн Лашкар -э-Жангви согушкер тобу жоопкерчилик алды.

Куррам аймагындагы негизги шаар саналган Парачинар акыркы жылдарда согушкерлердин зобун-зордуктарынан арылбай, ошол эле учурда сунни жана шийит мусулмандары ортосундагы кагылышуулардын да ордосу болуп келет. Пакистан армиясы аймакты согушкерлерден тазалоо максатында тез-тез операцияларды жүргүзүп турат.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG