Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:16

Тыңчы деп шектелген орусиялык журналист Польшадан чыгарылды


Леонид Свиридов

Леонид Свиридов

“РИА Новости“ агенттигинин журналисти Леонид Свиридов тыңчылыкка шектелип, 12-декабрда Польшадан чыгарылды. Бирок журналист өзүнө карата анык айыптоо коюлбаганына нааразылыгын билдирди.

Свиридов “Ассошэйтед Пресс” агенттигине маек куруп, өзүндө эч кандай укуктук тандоо калбагандыктан, көп жылдан бери жашап жүргөн Польшадан кетүүгө аргасыз болгонун айткан.

49 жаштагы журналист Орусиянын тыңчысы эместигин 14 ай бою далилдегенге аракет кылганын, бирок андан майнап чыкпаганын белгилейт жана Польшага кайра келип, ушул жакта жашаганга болгон аракетин көрөрүн кошумчалайт. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG