Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:25

Франциядагы шайлоодо оңчулдар жеңишке жетише алган жок


Жекшемби күнү Францияда өткөн регионалдык шайлоонун экинчи турунда Мари Ле Пен башында турган ашынган оңчулдардын "Улуттук фронт" партиясы бир да аймакта жеңишке жетише албагандын экзитполл аныктады. Биринчи турдагы шайлоодо алдыга озуп чыккан партия лидери Мари Ле Пен да экинчи турда жеңилүүгө учурады. Алдын ала маалыматтар боюнча мурунку президент Николя Саркозинин партиясы 40%, азыркы президент Франсуа Олланд башында турган Социалисттик партия 30%, ал эми Улуттук фронт 28% добушка ээ болду. Оңчулардын жеңишке жетпей калуусунун себеби катары Олландын партиясы өз талапкерлери алсыз жерде шайлоого катышпай, Саркозинин партиясынын талапкерин колдоого үндөөсү себеп болгону айтылууда. (AiT)

XS
SM
MD
LG