Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:05

Египет: Орусиялык учактын кыйрашына теракт себеп болгон эмес


Египеттин расмий өкүлдөрү орусиялык жүргүнчү учактын кыйрашы боюнча алдын ала докладын аякташканын билдиришти. Өлкөнүн Жарандык авиация министрлиги бүгүн жасаган билдирүүдө кырсыкка “теракт же сырттан кийлигишүү алып келген деген белгилер табыла элек” деп айтылат. 31-октябрда Синай жарым аралында болгон трагедия 224 кишинин өмүрүн алып кеткен. А-321 лайнери Шарм-Эль-Шейх курортунан Санкт-Петербургга бараткан.

Орусия жана Батыш борттогу бомба жарылганын ырастап келишти. “Ислам мамлекети” экстремисттик топтун согушкерлери болсо кол салууну өзүнө алышкан.

6-ноябрда Орусия Египетке бардык учууларга тыюу салган.

XS
SM
MD
LG