Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:31

Кыргызстан президентинин Кувейтке сапары соңуна чыкты


Алмазбек Атамбаев Кувейттин эмири Шейх Сабах Аль-Ахмад Аль-Жабер Аль-Сабах менен. 13-декабрь, 2015-жыл
Алмазбек Атамбаев Кувейттин эмири Шейх Сабах Аль-Ахмад Аль-Жабер Аль-Сабах менен. 13-декабрь, 2015-жыл

Президенттин маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, президент Алмазбек Атамбаевдин Кувейт мамлекетине сапары 14-декабрда соңуна чыкты. Кыргызстан президентин узатуу салтанатына Кувейттин эмири Шейх Сабах Аль-Ахмад Аль-Жабер Аль-Сабах катышты. Алмазбек Атамбаевдин сапары андан ары Катар мамлекетине уланат.

Президент Алмазбек Атамбаев Кувейт жетекчилиги менен жолугушуудан сырткары кыргыз-кувейт инвестициялык форумуна катышты. Ал Кувейт ишкерлерин Кыргызстанга чакырып, аларга бардык шарттарды түзүүгө республика даяр экенин билдирди.(AiT)

XS
SM
MD
LG