Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:19

Түрк аскерлеринин бир бөлүгү Ирактын түндүгүнөн чыгарылды


Мосул шаарына жакын жердеги күрттөр

Мосул шаарына жакын жердеги күрттөр

Түркиянын айрым маалымат булактары Ирактын Мосул шаарында жайгаштырылган түркиялык аскердик контингенттин бир бөлүгү чегингенин билдиришти.

Анадолу агенттиги кабаралгандай, Башика лагеринен аскерлерди чыгаруу жаңы келишимге ылайык жүргүзүлдү. 11-декабрда түрк өкмөт башчысынын кеңсеси ал лагердеги бөлүк реструктуризацияланат деп билдирген. Бирок аскерлер мекенине кайтарылдыбы же Ирактын башка бөлүгүнө которулдубу белгисиз.

Түркиялык контингенттин Ирактын Күрт автономиялуу аймагынан Башикага жөнөтүлүшү Багдаддын нааразылыгын жаратып, аскерлерди чыгарууну талап кылган. Анкара болсо аскерлер Мосул шаарын жихадчылардан кайтаруу операциясын утурлай машыктыруу иштерине тартылып жатканын ырастап келген.

Ирактын бийлиги түрк аскерлери чыгып кетпесе, Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешине кайрылып, чара көрүүнү өтүнөөрүн эскерткен.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG