Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:55

Кадамжай: прокурор орун басарынын аңчылыгы талкууга түштү


Кадамдай районундагы прокурордун орун басары Алтынбек Акимбаев (оңдо) менен шеригинин сүрөттөрү интернетке тарады.

Кадамдай районундагы прокурордун орун басары Алтынбек Акимбаев (оңдо) менен шеригинин сүрөттөрү интернетке тарады.

Баткендин Кадамжай районунун прокурорунун орун басары Алтынбек Акимбаевдин теке уулап, ок тийген кайберен менен түшкөн сүрөттөрү интернетке тарады. Жанындагы шериги Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин райондук бөлүмүндө иштеген адис экени айтылууда. Мамлекеттик кызматкерлер колуна курал кармап, жаратылыш койнунда жүрүшкөн сүрөттөрү алардын интернеттеги баракчасына чыгып, кийинчерээк өчүрүлгөн.

Бул тууралуу “Азаттыкка” кабарлагандар алардын аракетин мыйзамсыз аңчылык деп атаган. Алтынбек Акимбаев менен “Азаттык” радиосу байланышканда сүрөттөр өткөн жылы тартылганын айтты:

- Мен былтыр мергенчилик кылууга тийиштүү лицензия алганмын. Бир кийик же теке уулоого уруксат кагазым бар болчу. Быйыл лицензиям жоктугуна байланыштуу аңчылыкка чыкпадым. Бул бир жыл мурдагы сүрөттөр. Кааласаңар расмий суроо-талаптын негизинде лицензияны көрсөңөр болот.

Акимбаев бир теке атканын айтууда. Ал эми интернетке чыккан сүрөттө төрт-беш эчки-теке атылганы көрүнөт. Прокурордун орун басары аларды достору атканын билдирди.

Кыргызстанда атайын лицензия албай жапайы жаныбарларга аңчылык кылууга мыйзам тыюу салат. (SE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG