Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:34

Рахимзода: "Күзгү козголоңду" Ислам кайра жаралуу партиясы каржылаган


Рамазон Рахимзода
Рамазон Рахимзода

Тажикстандын Ички иштер министри ушул жылы сентябрда баш калаа Дүйшөмбүдө уюштурулган козголоңду тыюу салынган Тажикстан ислам кайра жаралуу партиясы каржылаганын билдирди. Рамазон Рахимзода 14-декабрдагы жыйында “террорчул топту” он чакты күндүн ичинде жок кылууга өкмөттүк күчтөргө катардагы карапайым тургундардын колдоосу жардам берди деп белгиледи. Тажик өкмөтү 20дан ашуун кишинин өмүрүн кыйган 4-сентябрдагы кандуу кол салуунун артында коргоо министринин мурдагы орун басары генерал Абдухалим Назарзода турганын ырастоодо. Генерал жана жанындагы адамдар күч түзүмдөрүнүн операциясы маалында өлтүрүлгөн. Ислам кайра жаралуу партиясынын ишмердиги августта убактылуу токтотулуп, 29-сентябрда Жогорку сот аны “экстремисттик жана террорчул уюм” деп таап, биротоло тыюу салган. Бул кадам эл аралык укук коргоочулар тарабынан сынга кабылган.

Министр Рахимзода ушул эле жыйында Ирак менен Сирияда согушкерлердин катарында тажикстандык 600дөн көп жаран согушуп жатканын билдирди. 50 чакты киши “тажик бийлигинин кайрылуусунан” кийин өз ыктыяры менен кайтып келишкени айтылды. Аларды сот жообуна тартпоо убада кылынган.

XS
SM
MD
LG