Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:42

Deutsche Welle араб тилиндеги берүүлөрүн кеңейтет


Германиянын Deutsche Welle компаниясы акыркы айларда өлкөгө агылган мигранттардын интеграциясын жеңилдетүү үчүн араб тилиндеги программаларын кеңейтүүдө. Мурда араб тилинде жаңылыктар интернетте чыгып келсе, эми телеканал иштеп баштамакчы. 15-декабрдан баштап ал канал Астра деген сателлит аркылуу Европанын көпчүлүк өлкөлөрүндө тартат. Адегенде "маалымат, маданий кызматташуу, өз ара түшүнүшүүгө" басым жасаган программалар берилип турмакчы. Жакынкы Чыгыштан келген качкындарды Европанын баалулуктарына үйрөтүүдөн тышкары алардын тилинде кабарларды Германиянын көз карашынан алып көрсөтүү маанилүү, - деди Deutsche Welle компаниясынын башкы директору Питер Лимбург. Быйыл Германияга келген мигранттардын саны бир миллиондон ашат деп күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG