Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:45

Косово оппозициясы парламентте газ колдонду


Grab: Kosovo Parliament
Grab: Kosovo Parliament

Косово парламенти дүйшөмбү күнү Сербия жана Монтенегро менен келишимдерди карап жаткан кезде оппозициялык депутаттар аларга көздөн жаш агызчу газ чачып ийишти.

Түтүн каптаганда депутаттар ишин токтотуп, талкуу жүрүп жаткан залдан чыгып кетишти. Сентябрдын ортосунан бери оппозиция өкмөттү Косоводогу сербдерге көбүрөөк укук берген келишимден баш тарттыруу үчүн бир нече жолу ушундай ыкма менен парламенттин ишин үзгүлтүккө учураткан.

Расмий Приштина ошондой эле Монтенегро менен чек араны демаркациялоо боюнча документти кабыл алууну көздөп жатат. Оппозициялык коалиция референдум өткөрүүнү же жаңы шайлоо жарыялоону талап кылууда.

Европа биримдиги диалогго чакырып, парламентте газ колдонууну акылга сыйбас жорук деп сыпаттап, бул Косово жарандарынын проблемаларын чечүүгө жардам бербейт деп билдирди.

XS
SM
MD
LG